17:37, 8-апрель, 2026

Чет өлкөлөрдө 1500дөн ашык кыргызстандык жаза өтөп жатат

На русском
15:10, 8-апрель, 2026 102

АКИpress - 1500дөн ашык Кыргызстандын жараны чет мамлекеттерде жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянган отчетунда айтылат.

Алардын ичинен 1210 адам Орусиянын 79 субъектисинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде кармалууда.

«Соттолгондорду өткөрүп берүү процедураларын тездетүү үчүн орус тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын ичинде документтерди кароо мөөнөттөрүн кыскартуу жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери каралууда», - деп айтылат отчетто.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»