17:37, 8-апрель, 2026

УКМК 3 чет өлкөлүк жаранды кармады

На русском
15:19, 8-апрель, 2026 230

АКИpress - Ыкчам маалымат жана кирүү-чыгуу каналдарындагы фильтрациялык иш-чаралардын негизинде А.Ф., Р.Ш. жана Н.Х. аттуу чет өлкөлүк жарандар кармалды.

УКМК билдиргендей, аталган жарандар радикалдуу диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү экени жана өз өлкөлөрүндө террористтик кылмыштар үчүн издөөдө жүргөнү аныкталды. Алар Кыргызстанда жаштарды өз катарына тартууну пландашкан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»