16:31, 8-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (82 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
15:00, 8-апрель, 2026 (34 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды
15:16, 8-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
«Эркечтамда» чек арачы өзүнө ок атты

1 өспүрүм бир жылда 15 жолу кылмыш жасаган, - башкы прокурор

На русском
11:59, 8-апрель, 2026 302

АКИpress - Кыргызстанда жашы жете элек балдардын айрымдары кайра-кайра кылмыш жасап жатканы статистиканын өсүшүнө таасир этүүдө. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр кармалган 1814 баланын ичинен айрымдары бир нече жолу кылмыш жасашкан. Тактап айтканда, бир өспүрүм 15 жолу, үчөө 10 жолу, экөө 9 жолу, бирөө 8 жолу, төртөө 7 жолу, экөө 6 жолу, сегизи 5 жолу, тогузу 4 жолу кылмыш жасаган.

Башкы прокурор белгилегендей, кайталап жасалган укук бузуулар кылмыштардын жана кылмыштуулукка аралашкан жашы жете электердин санын көбөйтүүгө олуттуу таасирин тийгизет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»