03:12, 8-апрель, 2026

Бишкек мэриясынын транспорт департаментинин мурдагы башчысы Улан Уезбаев үй камагына чыкты

На русском
11:06, 7-апрель, 2026 278

АКИpress - 3-апрелде Октябрь райондук соту Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин мурдагы директору Улан Уезбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Бишкек шаардык соту билдиргендей, ал үй камагына чыгарылды.

2025-жылдын 6-мартында УКМК Уезбаевди жана «Жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Ренат Султамамытовду кармаган. Алар тийиштүү негиздемеси жок эле «Sitronics Group» компаниясы менен 128 млн сомдук пайдасыз келишим түзүүгө шектелген.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, мэриянын комиссиясы мыйзам бузууларды жана баанын 18 млн сомдон ашык жогорулатылганын аныктаган, ал эми долбоор өзү натыйжасыз деп табылган.

2025-жылдын 30-мартында Султамамытов үй камагына чыгарылып, Уезбаев 21-тергөө абагында калган болчу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»