АКИpress - Нарынбек Кубатбек уулу Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин ал аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Анын ордуна Венера Кулатаева келди.
Тиешелүү буйруктарга парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду.
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси — Алмасбек Абытов.
Аппарат жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеп келген Мария Исанова Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринин бөлүм башчысы болуп дайындалды.