АКИpress - 4-апрель күнү кечинде Эль-Кувейттеги Каржы министрлигинин имараты учкучсуз аппараттын соккусуна кабылды.
Министрлик болгон окуяны «Х» социалдык тармагында «ирандык агрессия» деп атады.
Имарат зыянга учурады, жабыркагандар жок. 5-апрелдан баштап кызматкерлер аралыктан иштөөгө которулду, кардарларды кабыл алуу кийинкиге калтырылды. Оффлайн режимдеги иш 6-апрелде жанданат.