05:29, 5-апрель, 2026

Бишкекте 2 баласын көтөргөн келин 6-кабаттагы терезеден кулап түштү

На русском
00:45, 5-апрель, 2026 606

АКИpress - Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түшкөн келин жана анын бир жаштагы наристеси көз жумду.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 4-апрелде саат 17:10 чамасында болгон. Жал кичи районундагы батирдин 6-кабатындагы терезеден 1999-жылы туулган келин эки жаш баласын көтөргөн бойдон секирген. Оор жаракат алган келин ошол жерден, 2025-жылы туулган К.А. ооруканада көз жумду.

2021-жылы туулган Ж.А. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 128-беренеси (өз өмүрүнө кол салууга жеткирүү) менен кылмыш иши козголду. Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча, 1992-жылы туулган М.А. шектелип кармалды. Тергөө жүрүп жатат. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»