22:04, 4-апрель, 2026

Дүйнөдө биринчи жолу министрлерге чет өлкөгө иш сапар менен барууга тыюу салынды

На русском
19:39, 4-апрель, 2026 822

АКИpress - Сенегал өлкөсүндө министрлердин чет өлкөгө иш сапарга баруусуна тыюу салынды. Мындай чечимди дүйнөдө бир гана өлкө кабыл алып жатат, деп билдирди «BILD».

Бул кадам Иран менен Американын ортосундагы чабуулдардын кесепетинен чыккан энергетикалык кризиске жооп иретинде жасалды. Премьер-министр Усман Сонконун айтымында, учурда өтө зарыл болгон кызматтык сапарларга гана уруксат берилет.

Мындай чаралар мамлекеттик чыгашаларды кескин кыскартуу максатын көздөйт. Мунай импорттоочу Сенегал кризистен өзгөчө катуу жабыркап жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»