АКИpress - 6-апрелден тарта 12-апрелге чейин Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпиондор аныкталат.
Бул мелдештин алдында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын тизмеси жарыяланды.
Тизме:
- 53 кг чейин — Азиза Келдибекова;
- 55 кг чейин — Арууке Кадырбек кызы;
- 57 кг чейин — Таңчолпон Кыбалбекова;
- 59 кг чейин — Сезим Жуманазарова;
- 62 кг чейин — Дилназ Сазанова;
- 65 кг чейин — Гүлнур Таштанбекова;
- 68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова;
- 72 кг чейин — Нурзат Нуртаева;
- 76 кг чейин — Айпери Медет кызы.
- Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков;
- улук машыктыруучу — Нурдин Дөнбаев.