АКИpress - Түркиянын Ван провинциясынын Тушба районунда 5,2 баллдык жер титирөө болду, деп билдирди «Анадолу». Жер титирөөнүн очогу жергиликтүү убакыт боюнча 4-апрелде саат 08:52де 7 километр тереңдикте катталган.
Ван провинциясынын губернатору Озан Балжы «Анадолу» агенттигинин кабарчысына билдирген маалымат боюнча, азырынча жер титирөөнүн кесепеттери тууралуу маалыматтар түшө элек.