АКИpress - Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1968-жылы туулган Т.К. кармалды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 2025-жылдын сентябрь айында шектүү Ы.М. аттуу жарандан 15 000 долларга бааланган «Тойота Камри» автоунаасын сатып алган. Бирок акчасын толук төлөп берген эмес.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.