11:54, 4-апрель, 2026

Тажикстандагы жер титирөөнүн күчү Чоң-Алай районунда да сезилди

На русском
09:20, 4-апрель, 2026 485

АКИpress - Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары 3-апрелде саат 16:26да Тажикстандын аймагында болгон 6 баллдык жер титирөөнү сезишти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу: Тажикстандын аймагында, Гарм шаарынан 45 км чыгышта, Кыргызстандын Кара-Тейит айылынан 100 км түштүк-батышта, Баткен шаарынан 115 км түштүктө жайгашкан.

Кыргызстандын Кара-Тейит, Карамык, Каравшин айылдарында жер титирөө 3 баллга жакын болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»