18:59, 3-апрель, 2026

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата акысыз медициналык кароо өтөт

На русском
15:33, 3-апрель, 2026 288

АКИpress - Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата акция өтөт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.

Акциянын алкагында акысыз ден соолук зоналары иштейт. Каалоочулар кан жана көз басымын ченетип, кандагы канттын деңгээлин текшертип, ВИЧке экспресс-тесттен өтүп, ошондой эле адистерден кеңеш ала алышат.

Иш-чара Горький көчөсү 27/1 дарегинде жайгашкан соода борборлорунун биринде саат 15:00дөн 17:00гө чейин өтөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»