21:26, 3-апрель, 2026

Крымда аскердик учак кыйрады

На русском
17:17, 3-апрель, 2026 485

АКИpress - Крымда машыгуу учурунда Су-30 истребители кыйроого учурады. Экипаж өз убагында секирип кетүүгө жетишкен. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуулар ок-дары колдонулбастан өткөн. Учак айдоочуларын жердеги издөө-куткаруу тобу эвакуациялаган. Коргоо министрлиги алардын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбаганын ырастады. Кырсыктын себептери тактала элек.

Су-30 - эки кишилик көп максаттуу истребитель. 1980-жылдары долбоорду иштеп чыгууда базалык модель катары Су-27УБ колдонулган. Жаңыланган моделдин биринчи учушу 1989-жылдын аягында болгон.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»