21:26, 3-апрель, 2026

Бишкекте француз тилдүү өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт

На русском
18:02, 3-апрель, 2026 155

АКИpress - «Ала-Тоо» кинотеатрында 7-10-апрель күндөрү француз тилдүү мамлекеттердин тасмаларынын фестивалы өтөт. Анда Швейцария, Франция, Бельгия жана Румыния өлкөлөрүнүн тасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Швейцариянын элчилигинен билдиришти.

Аталган фестиваль «Франкофония жазы 2026» — француз тилдүү мамлекеттер уюмунун ар түрдүүлүгүнө жана чыгармачылыгына арналган жылдык майрамдын алкагында өтөт.

Программа:

- 7-апрель, 18:00 — швейцариялык «Бон шуур Тичино» («Bon Shuur Ticino») комедиясы оригиналдуу швед тилинде (француз, немис жана италия) кыргыз, орус жана англис тилдериндеги коштомо жазуулар менен;

- 8-апрель, 18:00 — «Айдын мыкты кызматкери» («Employee of the Month»), бельгиялык комедия, француз тилинде орусча коштомо жазуулар менен;

- 9-апрель, 18:00 — «Улуттун портрети: инсандыктын беш өңүтү» («Portraits of a Nation: five faces of an identity»), румыниялык даректүү тасма, румын тилинде кыргызча коштомо жазуулар менен;

- 10-апрель, 18:00 — «Белвиллдеги үчөө» («The Triplets of Belleville»), француз анимациялык тасмасы, француз тилинде кыргызча коштомо жазуулар менен.

Француз тилдүү мамлекеттердин эл аралык уюмуна 88 өлкө кирет, алардын 29унда француз тили расмий тил болуп саналат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»