18:35, 3-апрель, 2026

Кыргызстандын элчиси Моңголиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

На русском
15:23, 3-апрель, 2026 228

АКИpress - 3-апрелде Кыргызстандын Моңголиядагы элчиси Айбек Молдогазиев Моңголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухка ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар конструктивдүү диалогду улантууга, өз ара сапарларды уюштурууга даяр экенин ырастап, эки тараптуу саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты. Ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди мындан ары бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

Моңголия мамлекетинин башчысы элчиге дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, кыргыз-монгол мамлекеттер аралык мамилелери мындан ары да чыңдаларына ишеним билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»