18:36, 3-апрель, 2026

Кыргызстан Россиядан шарпка каршы 4,5 млн доза вакцина алат

На русском
14:53, 3-апрель, 2026 258

АКИpress - Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жетектеген делегация Россия Федерациясынын Владимир шаарындагы Ветеринария жана фитосанитария боюнча федералдык кызматына караштуу Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтуна барды.

Минкаб билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы институттун ишмердүүлүгү, илимий-өндүрүштүк базалары, вакциналарды жана ветеринардык дарыларды иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча заманбап технологиялары менен таанышты. Айрыкча жаныбарлардын коркунучтуу ылаңдарын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча лабораториялардын ишине көңүл бурулду. Жолугушууда тараптар аймактагы учурдагы эпизоотиялык көйгөйлөрдү, аны турукташтыруу жана алдын алуу чараларын талкуулашты. Ошондой эле шарп ылаңын алдын алуу үчүн өлкөнү вакцина менен камсыздоо маселеси да каралды. 

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен Россиянын Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институту шарп ылаңына каршы 1 миллион доза вакцина алып келүү боюнча келишим түзүлгөн, аны жакынкы арада алып келиниши күтүлүүдө. Мындан тышкары, 2026-жылдын жай мезгилинин аягына чейин айыл чарба жаныбарларын масштабдуу эмдөө үчүн кошумча 3,5 миллион доза алып келүү пландалууда.

Эрлист Акунбеков институттун жогорку илимий потенциалын жана анын биологиялык коопсуздукту камсыздоого жана эпизоотиялык коркунучтарга каршы күрөшүүгө кошкон зор салымын белгиледи. Ал Кыргыз Республикасында мал чарба продукциясын коргоо үчүн сапаттуу жана заманбап ветеринардык препараттарды колдонуунун маанилүүлүгүн айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында институт менен Кыргызстан адистеринин ортосунда балык илдеттерин изилдөө жаатында биргелешкен иш жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул Россия Федерациясына жана башка эл аралык рынокторго аквакультура экспортун өнүктүрүүдө Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде вакцина менен камсыздоону гана эмес, ошондой эле Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтунда кыргызстандык адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатууну, ветеринария жана биокоопсуздук боюнча тажрыйба алмашууну макулдашты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»