18:52, 3-апрель, 2026

Бишкекте 17 жаштагы өспүрүм кыз изделүүдө

На русском
13:46, 3-апрель, 2026 243

АКИpress - Бишкекте 2009-жылы туулган Айданек Дүйшөева изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

31-март күнү кечки саат беш жарымдар чамасында өспүрүм кыз «Ак-Ниет» балдарды адаптациялоо борборунан чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул Дүйшөеванын аталган мекемеден качкан биринчи учуру эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында жоолук, үстүндө жашыл түстөгү спорттук кийим, кара шым жана күрөң түстөгү бут кийим.

Милиция өспүрүмдү көргөн-билгендер же жүргөн жери тууралуу маалыматы барларды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (312) 35-29-47, 0 (312) 35-12-70, 0 224 214 346 же 102.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»