18:44, 3-апрель, 2026

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам берет

На русском
09:10, 3-апрель, 2026 294

АКИpress - Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардам жөнөтүүдө.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жүктүн ичинде 66 тонна азык-түлүк (ун, эт консервалары жана өсүмдүк майы) жана 63 тонна медициналык каражаттар бар.

Жардам жети оор жүк ташуучу унаага жүктөлгөн. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»