22:35, 27-март, 2026

Балбан Өмүрбек Асан уулу Өзбекстандагы турнирде россиялык балбанды жеңди

На русском
20:54, 27-март, 2026 261

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Өзбекстандагы эл аралык күрөш боюнча мелдеште жеңишке жетишти.

PWL 11 мелдеши бүгүн, 27-мартта Ташкентте өтүп жатат.

Эркин күрөш боюнча 61 кг салмак категориясында Кыргызстандын вице-чемпиону Өмүрбек Асан уулу чыкты. Анын атаандашы орусиялык Чермен Тавитов болду.

Кыргызстандык спортчу беттешти ишенимдүү өткөрүп, жеңишке ээ болду.

Буга чейин 65 кг салмак категориясында Нурсадык Нурдинов россиялык спортчуга утулуп калган.

61 кг чейин

Өмүрбек Асан уулу - Чермен Тавитов (Россия) — 8:7

65 кг чейин

Арип Абдулаев (Россия) - Нурсадык Нурдинов — 13:1

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»