21:06, 27-март, 2026

Тышкы иштер министри лихтенштейндик кесиптешин «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды

На русском
19:31, 27-март, 2026 118

АКИpress - Бүгүн, 27-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Лихтенштейн Княздыгынын вице-премьер-министри, тышкы иштер, айлана-чөйрө жана маданият министри Сабине Монаунинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, министр Лихтенштейн делегациясын 2027-жылдын октябрында өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга, ошондой эле 2026-жылдын апрелинде Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк тоо жаштары фестивалына чакырды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлер эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча ишти улантууну макулдашты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»