01:03, 28-март, 2026

№21 округдан талапкер Чыңгыз Айдарбековго мандат бериле элек. БШКнын жообу

На русском
12:22, 27-март, 2026 1165

АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясы Чыңгыз Айдарбековго депутаттык мандатты берүү чечимин кабыл алуу үчүн Ички иштер министрлигинен маалымат күтүп жатат. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «АКИpress» агенттигине 27-мартта билдирди.

Анын айтымында, мандатты берүүдөн мурда БШК ички иштер органдарынан талапкердин соттуулугу тууралуу маалым кат сурайт. Шайлоо учурунда да ушундай текшерүү жүргүзүлгөн, бирок ал убактан бери 6 айдай убакыт өткөндүктөн  кайрадан маалымат алынат.

Азыркы учурда Айдарбеков №21 округдан депутат болуп шайланып, бирок мандатын тапшырган Куванычбек Конгантиевден кийинки кезекте талапкер болуп турат.

У.Жылкыбаев кошумчалагандай, эгерде талапкер мурда сот жообуна тартылса же кылмыш иши козголуп, реабилитациялык эмес негиздер боюнча токтотулса, анда БШК мандат берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Ал эми белгиленген мөөнөттө мамлекеттик органдар маалымат бербесе, БШК талапкерди өз алдынча күнөөлүү деп таанууга укугу жок. Мындай учурда мандат Айдарбековго берилет.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар 14 күндүн ичинде жооп бериши керек. Зарыл болгондо бул мөөнөт узартылышы мүмкүн. Ал эми БШК бир айдын ичинде кезектеги талапкерге мандатты бериши керек.

10-мартта Конгантиев депутаттык мандатын тапшырганы, ал эми 11-мартта УКМК тарабынан жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелип кармалганы белгилүү болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»