01:39, 28-март, 2026

Эми Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жеңил курулуштардан «тазаланат»

На русском
10:19, 27-март, 2026 565

АКИpress - Курулуш министрлиги Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы жер тилкелерине жеңил типтеги объекттерди орнотууга тыюу салды.

Министр Нурдан Орунтаев кол койгон чечим көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын кайрылууларынан улам кабыл алынгандыгы маалымдалды.

Бийлик мындай объекттердин башаламан жана уруксатсыз орнотулушун токтотуп, шаардын көркүн сактап калууну көздөйт. Эми көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы аймактарга күркөлөрдү, темир конструкцияларды, унаа токтотуучу жайларды жана башка убактылуу же көмөкчү курулуштарды орнотууга болбойт. Болгону суу сатуучу автоматтарга гана уруксат берилет.

Мындан тышкары, тиешелүү мекемелерге мындай объекттерди орнотууга жаңы уруксаттарды берүүнү жана мурда берилген уруксаттарды узартууну убактылуу токтотуу тапшырылды. Бул алардын жайгаштыруу тартибин жөнгө салган өзүнчө документ күчүнө киргенге чейин уланат.

Буйруктун талаптарынын аткарылышын Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти көзөмөлдөйт. Ал талаптардын сакталышын текшерип, мыйзамга ылайык чара көрүшү керек.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»