05:29, 27-март, 2026

«Кыргыз почтасынын» Сокулуктагы мурдагы башкы эсепчиси кылмышка шектелүүдө

На русском
19:22, 26-март, 2026 577

АКИpress - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Кыргыз почтасында" мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз почтасынын" Сокулуктагы филиалынын мурдагы башкы эсепчиси И.В.Б. 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейинки мезгилде кызмат абалын пайдаланып, акча каражаттарын жеке банктык эсебине мыйзамсыз которуп турган", - деп айтылат билдирүүдө.

Келтирилген жалпы зыяндын суммасы 15 миллион сомду түзгөнү аныкталды.

"Каражаттардын бир бөлүгүн И.В.Б. жеке максатта, анын ичинде Ысык-Көл облусунун курорттук аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшаган", - деп билдирди УКМК.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»