АКИpress - Арынов Максатбек Дүйшөнкулович Бишкек шаардык мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.
Эмгек жолу:
М.Арынов 1991-жылы 17-декабрда Бишкекте төрөлгөн. 2015 Кыргызстан эл аралык университетинен менеджмент адистигин алган.
- 2017-жылдын 12-июну — 2018-жылдын 5-июлу: Саламаттыкты сактоо министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери башкармалыгында жетектөөчү адис;
- 2018-жылдын 5-июлу — 2020-жылдын 22-июну: Саламаттыкты сактоо министрлигинин иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүндө жетектөөчү адис;
- 2021-жылдын 12-марты — 2022-жылдын 12-майы: №13 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары;
- 2022-жылдын 12-майы — 2022-жылдын 22-ноябры: Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациясынын уюштуруу жана кадрдык иштер бөлүмүндө адис;
- 2022-жылдын 22-ноябры — 2025-жылдын 1-сентябры: №16 муниципалдык аймактык башкармалыгында башчынын орун басары;
- 2026-жылдын 26-январы — 2026-жылдын 24-марты: Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизациялык резервдик материалдарды сактоо кызматынын башчысы;
- 2026-жылдын 24-мартынан тарта — Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору.
Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.