05:08, 27-март, 2026

Адылбек Касымалиев Казакстанга барды

На русском
16:09, 26-март, 2026 240

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барды.

Анын учагы Чымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. 

Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министринин орун басары — Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. 

Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле “Digital Qazaqstan 2026” (Санарип Казакстан-2026) эл аралык санарип форумуна катышат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»