05:36, 27-март, 2026

Сокулукта оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды

15:04, 26-март, 2026 488

АКИpress - Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды, деп билдирди Башкы прокуратура.

Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук райондук ооруканасынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 226 чарчы метр болгон жер тилкедеги жайгашкан имарат 2007-2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Натыйжада баасы 5 млн 802 миң 307 сомду түзгөн имарат жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттик менчикке кайтарылып, Сокулук райондук ооруканасына бекитилип берилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»