03:30, 27-март, 2026

Бишкек мэриясы 51 га аянттагы карьерди Маммүлктүн балансына өткөрүп берет

На русском
13:25, 26-март, 2026 585

АКИpress - Бишкек мэриясы шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашкан 50,8 гектар аянттагы карьер тилкесин муниципалдык менчиликтен мамлекеттик менчикке өткөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорунда айтылат.

Мэрия 12-мартта жергиликтүү кеңештин макулдугун сураган.

2026-жылдын 25-февралындагы мэриянын токтомуна ылайык, бул тилкени Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке берүү жөнүндө сөз болуп жатат. Буга чейин, 2025-жылдын 8-апрелинен тарта, мэрия бул аймакты Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берген.


Маселе тууралуу:

2024-жылдын 21-февралында «Кум-Шагыл» ЖЧКсынын ошол учурдагы жетекчиси Айдин Ибраев ишкананын аймагына кызматкерлер 8-февралдан бери кире албай, завод иши токтоп турганын «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

2024-жылдын 17-августунда УКМК аянты 17,7 гектар болгон, баасы 1 млрд 953 млн сомдук объект мамлекеттин карамагына кайтарылганын билдирген.

«Завод жана ага жанаша жайгашкан 16,05 га жана 1,2 га стратегиялык маанидеги объекттерди (карьер) мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жерлер 2004-жылы "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан КРнын мыйзамдарын бузуу менен жеке менчикке берилгени такталды.

Карьерде шагыл, майда таш казылат, ошондой эле курулуш материалдарын чыгаруучу завод бар. 20 жыл ичинде бул стратегиялык объект олуттуу киреше алып келген, бирок мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес. Козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги шектүүгө эл аралык издөө жарыяланды», - деп айтылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»