00:59, 27-март, 2026

Беш баланын таенеси кызынын дарылануусу каралоонун айынан үзгүлтүккө учураганын айтты

На русском
12:40, 26-март, 2026 656

АКИpress - Дача-СУнун тургуну Гүлзамира Жолдошбаева ракка кабылган Ы.к.М. аттуу кызына тез арада операция жасалышы керектигин айтып, алардын үй бүлөсүн каралап жаткан блогерлерге карата чара көрүлүүсүн талап кылды. Ал бүгүн, 26-мартта «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында президент Садыр Жапаровдон кызынын дарылануусуна кайрымдуулук жасоосун өтүнүп, мурда чогулган каражат Түркиядагы кыргыз келин тарабынан коротулганын айтып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранды.

Жолдошбаеванын айтымында, 5 баланын апасы болгон кызы мурда калкан безине байланышкан оору менен жабыркап келген. 2024-жылдын сентябрь айында анда онкологиялык оору бар экендиги аныкталып, декабрь айында операция жасалмак. Бирок операция өз учурунда жасалбай калып, оорусу өрчүп кеткен. Дарыгерлер үй бүлөнү өзбекстандык дарыгерлерге багыттап, бирок алардан баш тартуу түшкөн. Кийин Москвадагы дарыгерлерге кайрылууну эп көргөн үй-бүлө 2025-жылдын декабрь айында Түркияда жашаган Г.Т. аттуу кыргыз келин менен байланышып калат.

«Сүйлөшкөндө кайрымдуулук фондунун төрайымы экенин айтып, балдарга бут кийим саларын убадалап, айтор ишенгенбиз», - деген аял чогултулган 5500 доллар менен кызы быйыл 18-февралда Стамбул шаарына учуп кеткенин кошумчалады.

Анын айтымында, Г.Т. кызын ооруканага көрсөтпөстөн 9 күн үйүндө үй кызматчысы катары жашатып, телефонун алып койгон.

«Түркияга саларда жардам берген Чынара аттуу келин бар эле. Кызым мени аяп, ага кайрылыптыр. Көрсө кистасы жарылып кетиптир. Биз муну билерибиз менен аны Анкарага учурдук. Г. анын 2300 долларын алып коюптур. 27-мартта жанына учуп барганы жатам, 30-мартта ага 2 операция жасалат. Алардын баасы 6 миң доллар болгону турат», - деген аял учурда Г.Т., Ф.С. жана С. аталышындагы аккаунттар «Тик-Ток» тиркемесинде алардын үй бүлөсүнө жалаа жапкан маанидеги билдирүүлөрдү таратып, мындан улам каражат топтоо үзгүлтүккө учурап жатканын айтты. Үй бүлө Свердлов РИИБине арыз жазып кайрылганда Түркиядагы Г.Т. аттуу келинге карата мурда да алдамчылык боюнча арыз түшкөнү белгилүү болгон.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»