АКИpress - Баңгизатын таратууга шектүүлөр кармалды, деп билдирди 26-мартта ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
19-мартта Бишкекте 1993-жылы туулган Р.А.Э. жана 2004-жылы туулган А.С.К. кармалган. Алардын жанынан синтетикалык баңгизат табылган. Ошондой эле шектүүлөр баңгизат катылган 14 жайды көрсөтүп беришкен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин алкагында кылмыштын башка катышуучулары аныкталып жатат.