00:59, 27-март, 2026

Бишкек–Ош жолундагы мыйзамсыз курулуш боюнча «Жагалмай» компаниясы айыпка жыгылды

На русском
10:42, 26-март, 2026 266

АКИpress - Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел участкасында Бишкек–Ош автожолунун жээгинде уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз курулуп жаткан объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган тамактануучу жай “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан курулуп жатканы белгилүү болду. Компанияга жазуу түрүндө эскертүү берилип, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Жагалмайдын» жетекчиси — Рыскулбек Зайирбеков, ээлери — Зайырбек Сарсейитов, «Грант Холдинг» ЖЧКсы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»