00:11, 27-март, 2026

Бишкекте Дэн Сяопин жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилиши 31-мартка чейин жабылат

На русском
09:47, 26-март, 2026 235

АКИpress - Бишкек шаарынын Дэн Сяопин проспектиси менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы 31-мартка чейин транспорт кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мөөнөттө атайын техниканын жардамы менен эски асфальт катмарын алуу иштери жүргүзүлүп, андан кийин жаңы асфальттын биринчи катмары төшөлөт. Ошондой эле люктарды жана жамгыр суулары агуучу торчолорду оңдоп, аларды жолдун деңгээлине чейин көтөрүү пландалууда.

Мэрия оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөрүн айтты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»