02:54, 27-март, 2026

Некролог — Абдыкалык Акматов

На русском
09:42, 26-март, 2026 284

АКИpress - 25-мартта 71 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын театр ишмерлери союзунун жана Кинематографисттер союзунун мүчөсү Акматов 1955-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган.

Чыгармачылык чыйырын 1975-жылы Ош облустук С.Ибраимов атындагы драма театрында жарык берүүчү кесибинен баштаган. 1978-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук кинематография институтунун актердук чеберчилик факультетин аяктап, киноактер адистигине ээ болгон.

Акматовдун кинодо жараткан эмгектери: «Ак илбирстин тукуму» – Кожожаштын досу, «Кайчылаш жолдор» – Дөөлөс, «Кербез» – Токтогул Сатылганов ж.б.

Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында жараткан ролдору:«Талант жана тагдыр» спектаклинде казак режиссерунун, «Боз-Бойдок» спектаклинде ортомчунун, «Чыңгыз жана Бүбүсара» спектаклинде А.Үсөновдун ролун ойногон.

М.Жангазиев атындагы куурчак театрында: «Найман эне» спектаклинде Кербен жана вазирдин, «Ишенимдүү дос»спектаклинде аюунун, «Мен да күйөөгө чыккым келет» спектаклинде министрдин орун басарынын ролу менен эсибизде калды.

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында: «Манастын уулу Семетей» спектаклинде Бакайдын, «Абийир кечирбейт» спектаклинде Омордун, «Коркут атада» Коркуттун ролун ойногон.

Акыркы мезгилде эл артисти «Манас» улуттук театрында эмгектенип келген.

Акматов Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамдары ыйгарылган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»