АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Экватордук Гвинеянын курама командасына утулду.
Жолдоштук беттеш 25-мартта Түркиянын Анталья шаарында өттү.
Биринчи таймда кыргызстандыктар чабуулда активдүү ойноду, бирок мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышкан жок.
38-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Саид Дациев айып аянтчада атаандашты жыгып салды. Калыс пенальти дайындап, эсеп 1:0 болду.
Экинчи таймда гол кирген жок жана беттеш 1:0 эсебинде африкалык команданын жеңиши менен аяктады.
28-мартта кыргызстандыктар Мадагаскар курама командасы менен беттешет.