22:16, 24-март, 2026

Министрдин орун басары болгон 38 жаштагы Рустам Балтабаев тууралуу эмне белгилүү?

На русском
17:09, 24-март, 2026 5298

АКИpress - Рустам Балтабаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.

Ал кайра иштетүү, органикалык өндүрүш жана экспорт багыттарын жетектейт.

Балтабаев 1988-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрөлгөн. 2006-2009-жылдары Москвада юридикалык билим алган.

Эмгек жолу

2007-2010 - «Ant Yapı», Москва 

2012-2016 - «Улуттук бизнес ассоциациялар альянсы» компаниясында координатор

2012-2014 - Бишкек ишкерлер клубунун юристи

2014-2016 - «БизЭксперт» компаниясында координатор

2016-2019 - КР Соода-өнөр жай палатасынын Бизнес билим берүү борборунун жетекчиси

2019-2021 - КР Соода-өнөр жай палатасынын Өнүгүү департаментинин башчысы.

2021-жыл - КР Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»