АКИpress - Энергетика министринин биринчи орун басары болуп Жеңишбеков Өмүрбек Жеңишбекович дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жеңишбеков энергетика министри Таалайбек Ибраевдин сунушу менен дайындалды. Жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин Энергетика министрлигинин электр энергетикасы башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.