АКИpress - Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Бразилияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат.
2026-жылдагы Дүйнөлүк кубоктун алгачкы этабы 20-26-апрель күндөрү Фош-ду-Игуасу шаарында өтөт.
Жалпысынан эркектер менен аялдар арасында медалдардын 20 комплекти ойнотулат.
Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында беш спортчу ат салышат.
Байгелүү орундарды ээлегендер дүйнөлүк рейтингде 150, 100 жана 75 упайга ээ болушат.
Дүйнөлүк кубоктун экинчи этабы июнь айында Кытайда, ал эми финалдык этабы жыл аягында Өзбекстанда өтөт.
Өткөн жылы Муранбек Сейитбек уулу Индиядагы Дүйнөлүк кубоктун финалына чейин жетип, күмүш байгени багындырган.