13:51, 24-март, 2026

«Жоогазын революциясына» 21 жыл

На русском
11:58, 24-март, 2026 591

АКИpress - 24-марттагы окуялар Аскар Акаевдин режиминин – авторитаризмине, үй-бүлөлүк башкаруусуна, жапырт коррупцияга, шайлоо жыйынтыгын бурмалоого каршы чыккан жарандык коомдун активдүүлүгүнүн туу чокусу болду.

Бул митингдин башаты 90-жылдарга барып такалат — Акаев «легендарлуу парламентке» каршы чыккан учурда, парламент президентти алтын уурдаган деп шектеп, Конституцияны өзгөртүп, чексиз бийликке негиз салып, кошунага Үзөңгү-Кууш жерлерин бергенде, кийинчерээк Аксыда нааразычылык учурунда 6 жарандын өмүрүн алган окуялардан кийин башталган.

Парламенттик шайлоодо массалык фальсификациялардан кийин, Жогорку Кеңешке Аскар Акаевдин кызы жана уулу келгенде, нааразычылык толкуну көтөрүлдү. Биринчилерден болуп Нарын облусунун тургундары көтөрүлүп, андан кийин толкун Ош жана Жалал-Абадды каптады. 

Борбордук бийлик өлкөнүн түштүгүн толугу менен көзөмөлдөн чыгарып жиберген, бирок Акаев качканга чейин бийлик борбордук телеканалдар аркылуу баары көзөмөлдө деп элди ынандырып жатты.

 


 

24-март

«АКИpressтин» кызматкерлери үчүн бул күн өтө активдүү болгон – шаардын четинен борборго жай жылып бара жаткан эл, оппозиционерлердин жана бийлик өкүлдөрүнүн басма сөз жыйындары, күч кызматкерлеринин шашылыш отставкалары жана дайындоолору.

2005-жылдын 24-марты. Ала-Тоо аянтындагы митинг / Сүрөт АКИpress

Редакция буга кантип реакция кылды? Анда болгону 5 кабарчы иштеген. Маалымат мүнөт сайын жааган, мындай агымды кантип иретке келтирүү, кабарчыларды кантип туура бөлүштүрүү керек — революция жана мамлекеттик төңкөрүш учурунда кантип жүрүү керектиги боюнча эч кандай нускама болгон эмес. Кабарчылар толкундоо жана башаламандык учурунда кантип жүрүү керектигин, бир жагынан жардыруучу заттар ыргытылып, экинчи жагынан таштар учуп жатканда эмне кылуу керектигин билген эмес.

Аянттагы кабарчыдан: «Белгисиз адамдар таяк жана калкандар менен митингчилерге кол салышты», «Милиция митингчилерди сүрүп, аянтты тазалоого аракет кылууда», «Милицияга таш ыргытылууда» деген чалуулар түшүп турган.

2005-жылдын 24-марты. Ала-Тоо аянтындагы митинг / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Ала-Тоо аянтындагы митинг / Сүрөт АКИpress

Бул учурда «Ала-Тоого» митингчилердин экинчи тобу – 10-15 миң адам келген, алар Атамбаевдин, Эшимкановдун жана Карамушкинанын жетекчилиги алдында шаардын түштүк-чыгыш тарабынан борборду көздөй багыт алышты. Андан кийин укук коргоо органдары менен демонстранттардын ортосундагы тирешүүнүн экинчи фазасы башталды.

2005-жылдын 24-марты. А.Атамбаев катышкан Ала-Тоо аянтындагы митинг 2005-жылдын 24-марты. А.Атамбаев катышкан Ала-Тоо аянтындагы митинг 2005-жылдын 24-марты. А.Атамбаев катышкан Ала-Тоо аянтындагы митинг

2005-жылдын 24-марты. А.Атамбаев катышкан Ала-Тоо аянтындагы митинг

Аянттан чалуулар: «Митингчилер Ак үйдин дубалдарынан милиционерлерди сабап жатышат!», «Штурм болуп жатат!», «Тосмодон ашып өтүп жатышат»… Жана акырында, «Ак үй штурм менен алынды!», «Акаев качты!» деген таризде уланып жатты.

Мына ушуну менен Акаевдин доору аяктады. 

2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу / Сүрөт АКИpress

 


 

Ак үйгө чабуул

Ак үй кол салуудан кийин кайгылуу абалда эле – эшик-терезелер талкаланган, кагаздар жана папкалар (документтердин көчүрмөлөрү, буйруктар, тескемелер, жашыруун документтер ж.б.) учуп жатты. Бирөө мониторду ыргытса, бирөөсү Акаевдин сүрөттөрүн көчөдө өрттөп жатышты.

2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу. Оксана Малеванная / Сүрөт АКИpress

Чоң залда (азыркы ЖК депутаттары отурган жерде) трибунага Азимбек Бекназаров чыгып, улуу жеңиш жөнүндө сүйлөп жатты. Аны аз эле адам угуп жатты – ичкери кирген митингчилердин көбү экскурсияга келгендер болчу, аларды ошол учурда революциянын локомотивдери да, бульдозерлери да кызыктырган эмес.

2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу. Азимбек Бекназаров / Сүрөт АКИpress

Практикалык түрдө бардык кабинеттер тонолгон. Баалуу нерсе катары саналган кандайдыр бир буюмдун баары – кеңсе техникалары, эмеректер, идиш-аяктар – уурдалган. Ал эми кээ бирөөлөр сүрөттөрдү да алып кетишкен – кийин белгилүү болгондой, алар сүрөтчүлөр болушкан.

2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу. Тоноо / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу. Тоноо / Сүрөт АКИpress

7-кабаттагылар Акаевдин дене табынан муздай элек отургучка отуруп көрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай жатышты.

Бирок, Акаевдин кеңсесинин алдында чоң толкундануу байкалды. Холлдо жигиттер жерде отуруп, «Euronews» каналынан «No comments» деген жазуусу бар «Ала-Тоо» аянтындагы кадрларды тынымсыз көрсөтүп жаткандыгын көрүп жатышты.

Бир нече жигит күзөттө туруп, Акаевдин кабинетин акырына чейин кайтарып турган бир нече мамлекеттик күзөтчүлөрдү барымтага алышты. Алар эч ким менен сүйлөшкүлөрү келбей, беттерин буруп, терезени карап турушту.

2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу / Сүрөт АКИpress

Ал учурда Акаевдин кабинетинде башаламандык болуп жатты. Өлкөнүн башкы отургучунда укук коргоочу Турсунбек Акун отуруп, бактылуу болуп жатты.

2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу. Турсунбек Акун Акаевдин кабинетинде / Сүрөт АКИpress

Акаевдин тебетейин башына кийип, ал элдин каарынан, оппозициядан качты деп үн күчөткүчкө кыйкырып жатты.

2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу. Турсунбек Акун Акаевдин кабинетинде / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу. Турсунбек Акун Акаевдин кабинетинде / Сүрөт АКИpress

Сөзү түгөнүп калганда, Акун башкаларга да отургучка кыска убакытка отурууга уруксат берди, бирок кийин кайра эле аны ээлеп алып, рупорго кыйкыра берди.

Бир маалда ага мунусу аздык кылдыбы, Акун бата кылууну чечти. «Ооомин»…

2005-жылдын 24-марты. Ак үйгө кол салуу. Турсунбек Акун Акаевдин кабинетинде / Сүрөт АКИpress

 


 

Кечинде Жогорку Кеңеште парламенттин эки палатасы – Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны – чукул жыйналыш өткөрдү. Жаңы шайланган парламенттин курамы да чогулду. Алар кимисинин мыйзамдуу экендигин жана ким чечим кабыл алышы керектигин чечип жатышты.

Ошол учурда Жогорку Кеңештин имаратына түрмөдөн Феликс Кулов келди, анын жанында аны эркиндикке чыгарган Үсөн Кудайбергенов өзүнүн тарапташтары менен бирге болгон. Оппозициядагы саясатчыны тосуп, колун кысуу үчүн көптөгөн депутат, анын ичинде Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери Абдыганы Эркебаев да чыгышты. 

2005-жылдын 24-марты. Феликс Куловду бошотуу / Сүрөт АКИpress

Ошол кечте депутаттар эмне кылууну, кантип чыгууну чечип жатышты. Талкуу узакка созулуу менен өттү. Эски жана жаңы шайланган депутаттар кезектешип трибунаны «ээлеп», туңгуюктан чыгуу жолдорун сунуштап жатышты, анткени формалдуу түрдө Акаев президент болчу. Бирок, ошого карабастан, портфелдерди бөлүштүрүү эбак эле башталган.

2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш / Сүрөт АКИpress

Жыйынтыгында төрага Абдыганы Эркебаев отставкага кетти. Мыйзам чыгаруу жыйынынын жаңы төрагасы болуп Ишенбай Кадырбеков шайланды. Кадырбеков жетектеген палата өзүнүн алгачкы чечими менен өкмөткө ишенбөөчүлүк билдирип, аткаруу бийлигинин функциясын Эл биримдигинин республикалык координациялык кеңешине жүктөдү.

2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. Ишенбай Кадырбеков / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. Карабеков, Бабанов Иманалиев, Сатыбалдиев / Сүрөт АКИpress

Чындыгында, бийлик оппозицияга өттү, ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктады. Жаңы Жогорку Кеңеш бир нече күндөн кийин Өмүрбек Текебаевди жаңы төрага кылып шайлап, Курманбек Бакиевди премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялады...

2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. Сатыбалдиев, Иманалиев, Ташиев, Байло / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. Иманалиев, Салымбеков, Байло, Сатыбалдиев, Кадырбеков / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. БШКнын төрагасы Сулайман Иманбаев / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. Жанторо Сатыбалдиев, Ахмат Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Ином Абдрасулов / Сүрөт АКИpress
2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. Өмүрбек Текебаев, Арслан Малиев / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. Марат Султанов, Темир Сариев / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. Хаджимурат Коркмазов, Айдар Керимкулов / Сүрөт АКИpress 2005-жылдын 24-марты. Жогорку Кеңеш. Абдумомунов, Осконбаев, Булекбаев, Алымбеков, Самаков, Ормонов / Сүрөт АКИpress

 


 

24-март күнү кечинде «АКИpress» редакциясындагы иш бир аз тынчыды, түнү менен кезмет уюштурулду. Редакцияга «КоммерсантЪ» гезитинен чалышып,  алардын кабарчыларына сүрөттөрүн биз аркылуу Москвага жөнөтүүгө жардам берүүнү суранышты.

Бир нече мүнөттөн кийин фотограф Василий Шапошников келди. Колу жана бели көгөргөн, фотоаппараттын обьективи талкаланыптыр. Аянтта аны башына тийген таштар токтото алган эмес...

2005-жылдын 24-марты. Ала-Тоо аянтындагы башаламандык / Сүрөт В.Шапошников/Коммерсант 2005-жылдын 24-марты. Ала-Тоо аянтындагы башаламандык / Сүрөт В.Шапошников/Коммерсант 2005-жылдын 24-марты. Ала-Тоо аянтындагы башаламандык / Сүрөт В.Шапошников/Коммерсант

Сүрөт: В.Шапошников/«КоммерсантЪ»

 

Ал учурда Бишкек тоноочулардын колуна өткөн. Борбордук көчөлөр багажында муздаткыч жана сыналгы бар унааларга толуп кеткен. Чүй проспектиси, Киев, Совет көчөлөрү… Бардык жерде тоноочулук. Түрдүү дүкөндөрдүн терезелери талкаланган. Айрыкча «Бета Сторес», «Гоин» соода борборлору жана «Народный» дүкөндөрү жабыркаган.

Дем алыш күндөрү тынч өттү. Жаңы бийлик кырдаалды колго алды…

 


 

Элдин кубанычы жана сөз эркиндиги көпкө созулган жок. Акаевдин режими көп өтпөй Бакиевдин кандуу режими менен алмаштырылды. 2010-жылдын 7-апрелине аз калды. Бирок бул башка окуя...

 

Сүрөттөр: АКИpress, Азамат Иманалиев

2016-жылдын 24-мартындагы материал

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»