21:51, 24-март, 2026

Россияда аскердик кызмат өтөгөн чет өлкөлүктөр күч менен чыгарылбайт

На русском
11:57, 24-март, 2026 321

АКИpress - Россиянын президенти Владимир Путин Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул мыйзам чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды, эгерде алар келишим боюнча аскердик кызмат өтөсө, өлкөдөн чыгарууга тыюу салат.

Мыйзамга ылайык, Россиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн чет элдик укук бузса, 100 сааттан 200 саатка чейин жумушка тартылат же айып пулга жыгылат.

Ошондой эле расмий спорттук мелдештерде жүрүм-турум эрежелерин бузса, бир жылдан жети жылга чейин спорттук иш-чараларга катышууга тыюу салынышы мүмкүн.

Март айынын башында Владимир Путин аскердик кызмат кызмат өтөп жаткан же өтөгөн чет элдиктерди чет өлкөгө өткөрүп берүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Чет элдиктер 2022-жылдын ноябрь айында Россиянын армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзүүгө, ал эми жарандыгы жок адамдар өткөн жылдын июль айында ушундай келишим түзүүгө укук алышкан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»