АКИpress - Ленин райондук соту 23-февралда президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата чечим чыгарганын 23-мартта «Сводка АКИpress» редакциясына анын мурдагы жарандык аялы Хабиби Уланова билдирди.
Ал КРнын Административдик укук кодексинин 107¹-беренесинин 2-бөлүгү (жалаа, башкача айтканда, башка адамдын ар-намысын, кадыр-баркын кетирген же анын беделин түшүргөн, массалык маалымат каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же интернет барагында камтылган атайылап жалган маалыматты жайылтуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 миң сом айыпка жыгылды.
19-мартта Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин 4-февралда Октябрь райондук соту окшош укук бузуу үчүн Нурлан Мотуевди 20 миң сом айыпка жыккан.
Уланова мурдагы жарандык күйөөсү Мияровго арыз жазган. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (эки аялдуулук жана көп аялдуулук) боюнча кылмыш иши козголгон.