12:29, 24-март, 2026

Кыргызстандык дзюдочу Германиядагы мелдеште алтын утту

На русском
10:58, 24-март, 2026 127

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Адис Орозмаматов Германияда өткөн эл аралык дзюдо мелдешинде алтын медалга ээ болду.

«International Masters Bremen» мелдеши 20-22-март аралыгында Бремен шаарында өттү.

Орозмаматов 21 жашка чейинки спортчулардын мелдешинде 66 кг салмак категориясында ат салышты, бул салмакка жалпысынан 65 спортчу катышты.

Кыргызстандык спортчу 1/32 финалдан баштап, Нидерланддар, Германия, Улуу Британия, Бразилия, Норвегиянын спортчуларын жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште швейцариялык Яхья Яндиевди жеңип, алтын медалга ээ болду.

Буга чейин кыргызстандык спортчу Болгария жана Босниядагы Европа кубокторунда эки коло медалга ээ болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»