АКИpress - Бишкекте «Антикино» форматындагы жайларды көзөмөлдөө күчөтүлдү, деп билдирди 24-мартта борбор калаанын милициясы.
20-21-март күндөрү милиция кызматкерлери «Антикинолордо» рейд өткөрүштү. Буга мындай жайларда жашы жете электер үчүн өзүнчө кароосуз болууга шарт түзүлүп, ошондой эле порнографиялык тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берилип жаткандыгы тууралуу маалыматтар негиз болгон.