АКИpress - Бокс боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан кимдер катыша турганы белгилүү болду.
2026-жылкы «World Boxing» боюнча турнир 28-марттан 11-апрелге чейин Улан-Батор шаарында (Моңголия) өтөт. Башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында Кыргызстандын намысын 8 спортчу коргойт.
Бокс боюнча Кыргызстандын командасынын курамы:
50 кг чейин: Бекзат Эргешов
55 кг чейин: Нурсултан Асанакунов
60 кг чейин: Амантур Жумаев
65 кг чейин: Мирзозид Имамназаров
70 кг чейин: Элдар Турдубаев
75 кг чейин: Атай Дамир
85 кг чейин: Мухамадазиз Закиров
90 кг чейин: Тыныстан Алыбаев
Башкы машыктыруучу: Данияр Төлөгөн уулу
Улуу машыктыруучу: Улан Сагынбаев.