15:29, 23-март, 2026

24-марттан баштап Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир тилкеси убактылуу жабылат

На русском
09:48, 23-март, 2026 282

АКИpress - 24-марттан тарта Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабынын Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул тилкеде диаметри 600 мм болгон канализациялык коллекторду өткөрүү боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Иштер Жибек Жолу проспектисинин Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторун капиталдык оңдоо долбоорунун алкагында аткарылууда.

Жумуштун качан бүтөрү азырынча белгисиз.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»