16:25, 23-март, 2026

Нурлан Мотуев жалаа жапкандыгы үчүн 20 миң сом айыпка жыгылды

На русском
15:05, 23-март, 2026 462

АКИpress - 4-февралда Октябрь райондук соту Нурлан Мотуевге карата чечим чыгарды, деп билдирди 23-мартта «АКИpress» редакциясына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы.

Тактап айтканда Хабиби Уланова арыз менен кайрылган.

Сот Мотуевди жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте жалаа жабуу, тактап айтканда, башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же анын беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп таратуу боюнча күнөөлүү деп таап, 20 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Уланова мурунку жолдошу Мирбек Мияров (өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү) менен соттошуп жатат. Буга чейинмилиция Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (Эки же андан көп аял алуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда иш Октябрь райондук сотунда каралууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»