14:57, 23-март, 2026

Министр Ниязбековго айып пул салынды

На русском
13:25, 23-март, 2026 884

АКИpress - Социалдык тармактарга ички иштер министри Улан Ниязбековдун коомдук жайда тамеки чеккен видеосу тараган. Ички иштер министрлиги буга байланыштуу билдирүү жасады.

«Бул факт боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, айып пул төлөндү. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо кызмат ордуна карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү экенин белгилейбиз.

Ички иштер органдары жарандарды мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»