13:37, 24-март, 2026

Ысык-Көлдөгү пансионат ээлери пляждарга кирүү эрежелерин кайра карап чыгууну суранышты

На русском
15:11, 21-март, 2026 632

АКИpress - 17–18-мартта Юстиция министрлигинде жана президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунда туризм тармагындагы бюрократияны азайтуу боюнча бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун негизги темасы пляждарга жеткиликтүүлүк болду. Пансионаттар азыркы тартиптен улам пляждарда эл көбөйүп, жаңжалдар чыгып, туристтер нааразы болуп, айрымдары эс алуудан баш тартып жатканын айтышты. Бизнес өкүлдөрү төмөнкү сунуштарды беришти:

  • пляждарды эки зонага бөлүү: бир бөлүгү баарына ачык, экинчиси пансионаттын коноктору үчүн;
  • айылдарда муниципалдык пляждарды ачуу;
  • балдар лагерлери үчүн өзүнчө тартип киргизүү;
  • инвестиция салгандарга ижара мөөнөтүн узартуу;
  • аймакты малдан коргоо үчүн убактылуу тосмо орнотууга уруксат берүү;
  • уруксат кагаздарын алуу жол-жобосун тездетүү;
  • текшерүүлөрдү алдын ала белгилүү тартипте өткөрүү;
  • чет элдик туристтерди каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү;
  • пирстерди колдонуу боюнча коопсуздук эрежелерин киргизүү;
  • жалпы инфраструктураны кармоо чыгымдарын бардык катышуучуларга тең бөлүштүрүү.

Жыйындын соңунда көтөрүлгөн сунуштар дагы кошумча каралып, талкуулана турганы айтылды.

Жолугушуунун катышуучуларынын тизмеси 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»