АКИpress - Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы апрель айында эки жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргызстандын футзал ассоциациясынын маалыматына ылайык, Нуржан Жетибаевдин командасы Россиянын курама командасы менен эки жолу ойнойт.
Оюндар 11 жана 13-апрелде Бишкекте, Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде өтөт.
Кыргызстан менен Россиянын футзалчылары буга чейин да беттешкен.
2023-жылдын мартында болгон эки беттеш орусиялыктардын пайдасына жыйынтыкталган — 6:1 жана 9:0.
2024-жылдын декабрь айында дагы эки оюн болгон — 3:1 жана 6:2 эсебинде Россиянын курама командасы жеңишке жеткен.