АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынан сурактан чыкты.
19-март күнү эртең менен ал Кыргызстанга келип, эки кылмыш иши боюнча күбө катары тергөөгө чакырылган. Кийинчерээк ал маалымат жарыялабоо тууралуу тил кат жазып бергени маалымдалган.