22:18, 19-март, 2026

Кыргызстанда санариптик технологиялар кызматкерлеринин майрамы түзүлдү

На русском
20:36, 19-март, 2026 152

АКИpress - Министрлер кабинети 4-апрелди санариптик технологиялар тармагынын кызматкерлеринин күнү катары жыл сайын белгилөө чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу тиешелүү чечимге Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө санариптештирүү жана маалыматтык технологиялар тармагынын кызматкерлеринин ролун жана салымын институционалдык жактан таануу максатында кабыл алынды.

Акыркы жылдары өлкөдө санариптик өнүгүүнүн ченемдик, институционалдык жана технологиялык негизи ырааттуу түрдө түзүлүп, мамлекеттик органдардын ишине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүнү жана электрондук башкарууну өнүктүрүүнү камсыздоодо.

«4-апрель көптөгөн мамлекеттерде Интернет күнү катары белгиленип, глобалдык санариптик чөйрөнүн, маалымат алмашуунун жана технологиялардын өнүгүшүн символдоштурат. Аталган дата санариптик инфраструктуранын өнүгүшү, маалыматка жетүүнүн кеңейиши жана улуттук санариптик системалардын дүйнөлүк маалымат мейкиндигине интеграциясы менен байланыштуу»,- деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»